Сот Анжияндагы лицей жана колледж директорлорун кемсинткендиги үчүн калаа башчысы Дильмурод Рахматуллаевге 30 минималдык айлык акы же 650 доллар өлчөмүндөгү айып пул салды. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Соттун чечими менен Рахматуллаев административдик мыйзам бузууга күнөөлүү деп табылып, 30 минималдык айлык акы өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилди», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Мурдараак Анжиян облустук прокуратурасы шаар башчысынын бир катар билим берүү мекемелеринин жетекчилерин кемсинткендиги аныкталганын билдирген.
Шаардык акимчиликтеги булактар кабарлашкандай, Рахматуллаевдин жыйын катышуучуларын кемсинткендиги жаздырылган аудиожазуу жарыялангандан кийин прокуратура кызматкерлери анда «олуттуу текшерүүлөрдү» жүргүзүшкөн.
16-октярда Рахматуллаев пахта теримге жетиштүү киши чогултпаганы үчүн жергиликтүү колледждердин, академиялык лицейлердин директорлорун жыйын учурунда ыпылас сөздөр менен сөккөнү белгилүү болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ