Бүгүн, 17-июнда Бишкектеги “Кыял” жана “Чынар” кичи базарларды дезинфекциялоо үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарыны вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бул зарыл болгон чара. Бардык санитардык иш-чараларды өткөргөндөн кийин базарлар кайрадан иштей баштайт.
Ал ошондой эле, ишканаларда инфекциянын очогу аныкталган учурда, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана ченемдерди этибарга албаганда, иш-аракеттерин убактылуу чектөө менен жаза чаралары колдонула тургандыгын эскертетти.
“14 майдан 16-майга чейин 7 миң 897 ишкердик объектиси текшерилип, 1 млн 996 миң сом өлчөмүндө 930 протокол түзүлгөн” – деп билдирди Татьяна Кузнецова.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ