Базар-Коргон РИИБи тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында район аймагында түнкү убакыттарда коштоочусу жок жүргөн өспүрүмдөр текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу болуп саналат.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Базар-Коргон райондук администрациясынын алдында түзүлгөн жаш өспүрүмдөр комиссиясынын кароосуна 11 материал жөнөтүлгөн.
Түнкү убакытта коштоочусу жок жүргөн 16 жаш өспүрүм аныкталып, ата-энелери чакыртылып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле өз балдарын көзөмөлсүз калтырбоо керектиги эскертилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ