Menu

Сооронбай Жээнбеков: Пайда болгон чакырыктарга өз учурунда жооп берүү үчүн КМШга катышуучу-өлкөлөрдүн күч аракетин бириктирүү зарыл

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 26-декабрда, Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал кырдаалда түрдүү тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Жолугушууга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышышты.
Бейформал саммиттин жүрүшүндө Президент Владимир Путин 2017-жылы КМШга Россиянын төрагалык кылгандыгынын жыйынтыгын чыгарды.

Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунда чыгып сүйлөп, Владимир Путинге чакыргандыгы, жылуу тосуп алгандыгы жана жолугушууну бийик деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Россия тарапты Шериктештикте төрагалыгын ийгиликтүү жана үзүрлүү жыйынтыктап жатышы жана алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишкендиги үчүн дагы куттуктады.
Кыргызстандын Президенти өз сөзүндө мындан дагы мазмундуу иштеш үчүн Шериктештиктин ишмердигин оптимизациялоо процессин улантуу зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Шериктештик уюшулгандан бери КМШ өлкөлөр ортосунда үзүрлүү жана ар тараптуу кызматташуу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзгөндүгүн баса белгиледи.
Кыргызстандын Президентинин сөзү боюнча акыркы эки жылдын аралыгында Шериктештиктин, анын тармактык органдарынын ишмердигин оптимизациялоо багытында реалдуу кадамдар жасалган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул процесс туруктуу жана үзгүлтүксүз болууга тийиш экендигин белгиледи, анткени мындай мамиле КМШнын ишин кыйла мазмундуу, конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө багытталгыдай кылат.
“Учурда эл аралык аренада кырдаал абдан тез өзгөрүлүп жатат, биз пайда болгон чакырыктарга өз учурунда жооп берүү үчүн КМШга катышуучу-өлкөлөрдүн күч аракетин бириктирүүгө тийишпиз”, -деп баса белгилеп, Сооронбай Жээнбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаал али да болсо эл аралык бандиттик уюмдар тарабынан террористтик коркунучтарды жайылтуу боюнча негиздүү чочулоо жаратып жаткандыгын кошумчалады.
Кыргызстандын Президенти КМШнын жана ЖККУнун тиешелүү структуралары пайда болгон коркунучтарга өз учурунда жооп кайтаруусу зарыл экендигин, баңги заттарды, куралдарды жана ок-дарыларды контрабандага тыюу салуу чараларын көрүүнү өзгөчө белгиледи. Анткени алар ал каражаттарды эл аралык террористтик жана диний экстремисттик уюмдардын ишмердигин каржылоого жана алардын жалданма согушчандарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө пайдаланып жатышат.
Өз сөзүнүн соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы КМШга төрагалык кыла турган Тажикстанга ийгиликтерди каалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: