Menu

Кегетиде 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Кегети айылында жайгашкан Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классында окуган 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуучулар бүгүн саат 14.00дө электр жарыгы жок учурда мектептин жыйындар залында электр чыгаруучу генератордун жардамы менен балаты майрамын уюштурган.

Үч сааттан кийин алар Чүй райондук ооруканасына уулануу белгилери менен кайрылышкан. Учурда окуучулардын абалы туруктуу.

27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында кар калың түшкөн. Ушундан улам электр зымдары үзүлүп, электр жарыгы өчкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: