Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова президентти педофилдердин жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна кол коюуга чакырды. Анын Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуусунда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорунун тагдырына тынчсызданып, балдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн ага кол коюуну өтүнгөн. Баарынан мурда коомчулук бачабаздардын жазадан кутулуп кетип жатканына кабатыр. Анткени азыркы мыйзамда мындайларга өтө эле жеңил жаза каралып калган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ