Menu

Жээнбеков РФнын Өкмөтү менен ЕАЭБга кошулуу процессинин алкактарында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

Протоколдун максаты – Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдо каралган иш-чараларды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу.

Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2015-жылдын 31-мартында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Макулдашуунун   бир катар беренелерине «жол картаны» ишке ашыруу алкагында ЕАЭБдин чек арасынын кыргыз участкасындагы кыргыз өткөрмө пункттарын модернизациялоого тиешелүү иш-чараларды каржылоо боюнча кырдаалдарды чечүү бөлүгүндө, ошондой эле өткөрмө пункттарды Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү талаптарына ылайык келтирүү боюнча (товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү жерлерди) мөөнөттөрдү узартуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

Мыйзам расмий жарыяланган   күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: