Menu

Бишкекте ак калпакты коргоо акциясы өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн активисттер «Бишкек-парк» соода үйүнүн алдында ак калпакты коргоо боюнча акция өткөрүштү .

Алар муну менен калпак улуттук баш кийим жана маданий баалуулук экенин элге жеткирүүгө аракет кылып жатышканын билдиришти. Ошондой эле итке калпак кийгизгендерди жоопко тартууну талап кылышты.

Өткөн аптада Интернетте итке калпак кийгизилгени тартылган сүрөт тараган. Ал “Бишкек-Парк” соода борборунда өткөн “Dog’s Fashion Show 2018” аттуу иттердин мода көргөзмөсүндө тартылганы ачыкка чыккан. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары мындай көрүнүштү сынга алышкан эле. Уюштуруучулар катышуучулардын костюмдарына жооп бербей турганын айтып, “бул жөн гана сынак” деген жооп кайтарышкан.

Жаныбарга калпак кийгизгендерди жазалоо талабы 28-декабрда парламентте айрым депутаттар тарабынан да коюлуп,президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев буга баа берилерин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: