Жаңы жыл майрамы алдында Бишкек-Ош жолу тазаланбай калып кар басып, машиналар тыгылып, эбегейсиз узакка созулган тыгындар пайда болгонун жеринен активисттер билдирип турушту.
“Жол тазаланбаган, транспорт министрлиги эмне жумуш аткарат? Кардан жол көрүнбөйт”, – деп жазат бул видеонун автору Турсунбай Шарапов.
“Бишкек-Ош унаа жолу аябай кооптуу. Кар, муз, тыгын. Жол министрлигинин иши жок. Биз эле дээрлик 7:30 саат тыгында турдук. Ушундай абалда ички аба каттамдар эмнеге көбөйтүлбөйт? Эл кыйналып жатканда, кар көп жааса, жарандардын коопсуздугу жана ынгайлуулугу үчүн шарт түзүлбөйбү?”, – деп жазат журналист Бурулай Пусурманкулова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ