Menu

Видео – Киноактриса Пэрис Хилтонго киноактер Крис Зилка 2 млн доллардык шакек салып, никелешүүнү сунуш кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-январда атак даңктуу америкалык киноактриса, модель, ырчы жана дизайнер Пэрис Хилтон өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына жигити, киноактер Крис Зилка ага күйөөгө чыгууну сунуш кылган учурунан тартылган видеотасманы жарыялады.

https://www.youtube.com/watch?v=y4T-p1L6vgY

Анда Пэрис Хилтон менен анын жигити, теги украиналык Крис Зилка АКШнын Колорадо штатындагы Аспене тоосунда эс алып жүрүшөт.  Бир учурда Крис Пэристин алдына чөгөлөй түшүп, чөнтөгүнөн атайын Пэрис үчүн даярдалган, баасы 2 миллион доллардык бриллиант шакекти алып чыгат. Пэрис аны манжасына кийгизишин күтүп турбай шашкалактап, жигити Кристин мойнунан кучактай калып, шакекти ала коюп өзүнүн манжасына өзү салып, кубанганын жашыра албай жаткандыгы тартылган.

Пэрис менен Крис жакынкы учурда үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү боюнча да макулдашышкан. Алар 8 жылдан бери тааныш болушкан жана акыркы 2 жылда кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшүшкөн.

Пэрис Хилтон 36 жашта, ал эми Крис Зилка 32 жашта. Крис Зилка киноактер жана модель катары белгилүү, ошондой эле 2011-жылдан тартып жыл сайын ал “Эң сексуалдуу телекиноактер” рейтингинде стабилдүү 19-орунду ээлеп келет.

Пэрис Хилтон бир кезде «Hilton Hotels» дүйнөлүк мейманканалар тармагынын ээси , миллиардер Бэррон Хилтондун мураскери болгон. Бирок чоң атасынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн Пэрис мураскерликтен ажыратылган. Ага Пэристин мас абалында машина айдап, полицияга түшүп, 23 күн абакта жатканы себеп болгон. Ачууланган чоң атасы Пэристи 60 миллион доллардык мурастан эле ажыратып тим болбостон “биздин урукту уятка калтырдыңар” деп, бардык мураскерлерин кур жалак калтырып, 2,5 миллиард долларды кайрымдуулукка жумшарын билдирген.

“Форбс” журналынын маалыматы боюнча Пэрис Хилтон өзү иштеп тапкан 4 миллион фунт-стерлинг акчасы быйыл 16 миллион фунт-стерлингге жетүүсү мүмкүн.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: