Жаңы жылдан баштап Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Дөдөмөл айылынын үстүнө жайгашкан телемунараны тейлегендердин үйүнө былтыр келип жүргөн түлкү кайрадан келе баштады. Түлкү келет да терезеден үйдүн ичин телмирип карап тура берет. Ыргыткан сөөктү илип кетет. Кыязы кар түшкөндөн кийин тоодон азык таап жемей кыйындап, жакынкы үйгө келе баштаган көрүнөт. Баарынан кызыгы түлкү ал жердеги адамдарга үйрөнүп, көп деле кача бербейт. Алтургай үйдө иштеп жаткан телевизорду көпкө телмирип тиктегенден да тажабайт.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ