Menu

Турдакун Усубалиевдин ысымын Чүйдөгү чокунун бирине берүү маселеси каралууда. Атамбаев Путиндин ысымын Чүйдөгү чокуга ыйгарган эле…

Бөлүшүү:

Кыргызстанды 24 жыл башкарган мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин ысымын Чүй облусундагы чокулардын бирине ыйгаруу маселеси каралып жатканы тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтты. Ал эми Өкмөттүн басма сөз кызматы Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык маарекесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка ушул жылдын 4-февралында кол койгон.

Чүйдөгү чоку дегенде абактагы Атамбаевдин, андагы парламенттин жоругу эске түштү. Атамбаев Путиндин Чүйдөгү чокунун бирине анын ысымын берүүнү парламентке (2011-жылдын 17-февралында) сунуштаса, депутаттардын көпчүлүгү колдоп берген. Ошентип, Чүй облусунун Москва районундагы тоо кыркаларындагы бир чоку “Владимир Путин чокусу” деп аталган. Чокунун бийиктиги 4446 метрге чейин жетээри айтылган. Ал учурда В. Путин Орусиянын премьер-министри болчу. Алмазбек Атамбаев да премьер-министр эле. Мындай демилгени Москва районунун жергиликтүү администрациясы көтөрүп чыгып, Алмазбек Атамбаевге сунушташкан, ал колдогон. Кыргыз чокусуна Орусиянын төбөлдөрүнүн аттары берилип жатканына айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер каршы пикирлерин айтышкан. Москва районунун тургандары да нааразы болгон. Бирок, алардын үнүн эч ким уккан эмес. Кыскасы, Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде эле билгенин кылып баштаган.

Атамбаев Турдакун Усубалиев менен жолугуп, сүйлөшкөн күндөрү болгон. Тирүү кезинде эле Путинге жалпаңдап, кошомат кылып, чокуга анын ысымын бербей, Турдакун Усубалиевге берип койбойт беле. Кыргызды сыйлабай, Кыргызстанга күйбөй, чалмакейди чалганы үчүн абакка түшүп калды да. Таба эмес, тобо!

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: