Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 8 Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жаыялады.
Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 6 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1210 адамды(1056- чоң адамдар, 154- балдар) кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2 Жарлыгы 629 адамды (477 – чоң адамдар, 152 – балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ