Menu

Видео – Киев соту Саакашвилини качкын деп таануудан баш тартты

Бөлүшүү:

3-январда Киевдин округдук административдик соту Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясынын лидери Михаил Саакашвилини качкын же кошумча коргоого муктаж адам деп таануудан баш тартты.

Саакашвилинин адвокаттары соттун бул чечими боюнча жогорку баскычка даттана тургандыктарын билдиришти. Саясатчы аны качкын деп таануу үчүн жөнөтүлгөн документтерди кабыл алуудан баш тарткан миграция кызматынын чечимин жокко чыгарууну талап кылган.

Грузин жарандыгынан ажыратылган Саакашвили өз мекенинде бир катар кылмыштарга айыпталууда жана Грузияга экстрадицияланышы мүмкүн. Ал ошондой эле украин жарандыгынан да ажыратылган, бирок бийликтин бул чечимин тааныбай келет.

Шаршембиде прокурорлор «кылмыштуу топ» түзүү айыбы боюнча Саакашвилини үй камагына алууну өтүнүп Киевдин аппелияциялык сотуна кайрылган. Бирок сот бул өтүнүч боюнча чечим чыгарууну 11-январга жылдырды. Прокуратурас Саакашвили башында турган нааразылык акциялар Украинага каршы багытталган орусиялык кутумдун бир бөлүгү экенин билдиришүүдө. Оппозициячы дарегине айтылган бардык айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: