Menu

Мавлян Аскарбеков: “Эгер мени мыйзамсыз жоопко тарта турган болушса, эл бар, мен элге ишенем”

Бөлүшүү:

-Мавлян мырза, өзүңүзгө козголгон иш боюнча сиздин сөздөрүңүздү талдаган атайын эксперттер курамынын үстүнөн прокуратурага кайрыларыңыз маалым болду. Ушул боюнча айтып берсеңиз? Сиз­дин сөзүңүздү талдашкан кандай, кайсы эксперттер экен? Алардын ишмердүүлүгү чын эле сизди күмөнсүтүп жатабы?

-УКМК тарабынан КУУ, БГУ, Улуттук илимдер академиясынан, адилет министрлигинин экперттер бөлүмүнөн, кызматкерлеринен, илимдин докторлору, кандидаттарынан, Дача-СУдагы митингде
сүйлөгөн сөздөрүмдү жаздырып алышып, талдашып, «чакырык бар» деп корутунду беришиптир. Ал жерде: «Мен бийликке ишенбейм», «бул бийликтен талап кылып, укугубуз үчүн күрөшүү керек» деген сөздөрдү «бийликти күч менен басып алууга чакырык» деп корутунду беришиптир. Тергөө орусча болуп, сотто кыргызча жооп берген кээ бирлери такыр эле орусча билбестигин, «Мавлян өз сөздөрү менен элди дүүлүктүрдү, бул бийликти күч менен басып алууга чакырык» деп процессте айтып жатат. Сот залынан тышкары «кээ бир эксперт­тер бизди мажбурлап жатат» дешти. Тергөөдө берген көрсөтмөлөрү менен сотто берген жооптору эки ача чыгып жатат. Ошого байланыштуу жалган көрсөтмө берген үчүн прокуратурага кайрылабыз.

-Жаман айтпай жакшы жок, сиздикиндей айыптоо менен бир катар саясатчылар оор жаза алып кетишти. Абийирсиз соттор тарабынан сизге карата да ошондой жаза каралып каларынан коркпойсузбу?

-«Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт» деген сөз бар. Күнөөсүз, уктап жаткан ымыркайлардын өмүрү кыйылып, 40 адамдын башын жуткан кырсыкты ай­тып, «калыс иликтенсин, жабыр тарткандарга акыйкат кепилдик, төлөмдөр берилсин, тиешеси барлар жоопко тартылсын, элдер коопсуз жайга көчүрүлсүн» деген талаптарды айткандыгым үчүн, карапайым элге жардам берейин (!) деген үчүн мага мыйзамсыз иш козгоп, соттоп жатышат. Эгер мени мыйзамсыз жоопко тарта турган болушса, эл бар, мен элге ишенем.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: