Menu

Казакстанда металлургия комбинатындагы жумушчунун өлүмү иликтенет

Бөлүшүү:

Жумушчунун сөөгү «АрселорМиттал Темиртау» комбинатынын металлургия цехинде 3-январда эртең менен табылган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматты Темиртау шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан да ырасташты.

Жергиликтүү ММКлар компаниянын басма сөз кызматына таянып, 1982-жылкы жумушчунун сөөгү ишкананын аймагындагы темир жолдун жээгинде табылганын кабарлашууда.

Компаниядан окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдиришти.

22-декабрда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын Тусип Кузембаев атындагы шахтасында тоо тектердин урашынан 35 жаштагы жумушчу жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: