Menu

Төрөлгөн балага сүйүнчү беребиз деп куру сүйүнтпөй, төрөтканадагы коррупцияны жойгулачы?!

Бөлүшүү:

Кыргызстанда дайыма шайлоо алдында талапкерлер карапайым элдин добушун алуу үчүн жаңы төрөлгөн наристелерге сүйүнчү пул, көп балалуу бүлөлөргө жөлөкпул берүүнү убада кылып келишет. Ал тургай өткөн парламенттик шайлоодо кайсы бир бай партиянын лидерлери ар бир жарык дүйнөгө келген наристеге 50 миң сомдон сүйүнчү берүү керектигин айтып, баарыбыздын оозубузду ачырган болчу. Кеп мынча сумманын анын оозуна кантип баткандыгында эмес, кантип аткара тургандыгында болгон. Анткени түбү тешик бюджет сүйүнчү бергенди коюп, ошол төрөт үйлөрүндөгү коррупцияны жойсо эле төрөгөн энелерди врачтар талап-тонобой, чоң жардам берген болмок. Ошентип азыркы депутаттар үч-төрт айдан бери “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамды ары тарт-бери тарт болуп отурушат. Себеби 2018-жылдын үчтүн (январь) айынын биринен тарта күчүнө кирүүчү мыйзам менен 1 же 2 баласы менен үчтөн ашык баласы барлар 2 баласына жөлөкпул албай калышат экен. Башкача айтканда 30 миңге жакын бала жөлөкпулсуз калат. Кыскасы, “артык кылам деп тыртык кылганы жаткан” мыйзам долбоорун алты айга артка жылдыруу чечими кабыл алынды. Парламент  менен өкмөттүн жаш балдарга кайрадан эле куру упчу эмизип койгондугунун себеби айланып келип эле  бюджетте бере турган акча жоктугунда эмеспи?

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: