Ооба кыш көчүп турган убак. Отун-суу керек дегендей кырдаалдан кыпчылып чыга калып ар кимге сүйкөнгөндөр көбөйдү.
Дегеним, Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу элчиси Аманбай Кайыповду көмүр жок деп жарга такагандар болууда.
Аныгында Аманбай мырза болгон аракетин жумшап атат. Анан да Нарын шаарында жылуулук өчүп калган жок. Аймактарда болсо көмүр ар кайсы бурчта сатылууда.
Негизсиз асылгандардын логикасына таяна турган болсок, Аманбай мырза ар бир үйгө кирип мешине көмүр калап чыгыш керекпи?
Адамга асылганда да кичине негиз менен айды тепсеңер байболгурлар…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ