Казакстандын өкмөтү Тажикстанга, Кыргызстанга жана Сирияга расмий гуманитардык жардам бөлүп берүү чечимин кабыл алды.
Өлкөнүн министрлер кабинетинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Казакстан Тажикстанга 276 млн. 790 миң теңге, Кыргызстанга 200 млн. 281 миң теңге (2,8 миллион доллардан ашык) жана Сирияга 185 млн. 317 миң теңге бөлүп берет.
Ушул эле чечимге ылайык, Казакстандын Коргоонуу жана аэрокосмикалык өнөр жай министрлигине 662 млн. теңге бөлүнгөн. Бул каражат өлкөдөгү жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн каралган.
Былтыр ноябрда Кыргызстан расмий түрдө Казакстандын 100 млн. доллар өлчөмүндөгү жардамынан баш тартып, тиешелүү келишимди денонсациялаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ