Menu

Москванын Кызыл аянтында Өмүрбек Текебаев Ленин менен Сталинден да популярдуубу?

Бөлүшүү:

Москвалык  кыргыздар кабарлагандай, өткөн жума күнү, 27-январда бир топ Маскөөлүк кыргыз Кызыл аянтка катарлаш жайгашкан атактуу ГУМдун алдында топурашып турушкан. Ары бери өткөндөрдү сүрөткө түшүүгө чакырып, өз “бизнеси” менен шугулданган Лениндин, Сталиндин, Брежневдин “двойниктери” да бирин-серин каалоочулар менен сүрөткө түшүп, акча жасап жатышкан. Аңгыча эле ГУМдан чыккан Өмүрбек Текебаевди көрө калышып, таң калышкан кыргыздар бир заматта эле курчап калышат да баары кезектешип сүрөткө түшө башташат. Жарым саатка жетпеген убакытта 30-40 киши менен сүрөткө түшүүгө үлгүргөн Текебаев жумуштарына шылтоолоп, ал жерден кеткиче шашат. Ал эми Текебаев пайда болгондо жумушсуз калышкан Ленин, Сталин, Брежневдин  адаштары ал жерде “ичкен ашын колунан тарттырган балдардай” болуп, жалгыздап томсоруп басып калышыптыр. Ошондо Москванын Кызыл аянтында Ленин, Сталин, Брежнев сыяктуу лөктөргө караганда кыргыздын саясатчысы Өмүрбек Текебаев популярдуубу?  Же кыргыздын баары эле Маскөөгө көчүп барып алышканбы?

Булак: Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: