Menu

Сапар Исаков Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер министри майрамдык иш чараларды өткөрүү учурундагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Өкмөт башчынын буга чейин берген тапшырмасына ылайык, жаңы жылдык майрамдар учурунда Ички иштер министрлигинин бүтүндөй жеке курамы кызматты күчөтүлгөн режимде аткарууга өткөн. Улан Исраилов маалымдагандай, республика боюнча коомдук-саясий абал жалпысынан туруктуу сакталган.

Премьер-министр Сапар Исаков жаңы жылдык иш-чаралар учурунда республиканын ички иштер министрлигинин жеке курамынын ырааттуу ишин белгилеп,  мындан ары дагы, жакынкы майрам күндөрүндө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштердин улантылышы зарылдыгын баса белгиледи.

Андан соң Өкмөт башчы Ички иштер министрлигиндеги Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктагы  реформаларга кенен токтолду. Сапар Исаков өлкө жарандарынын жол коопсуздугун жогорулатуу максатында кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бардык зарыл иш-чараларды тез арада жыйынтыктоонун маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: