Журналист Элнура Алканованы Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын иликтөө башкармалыгына суракка чакыртышты. Чакыртууну ага кечээ кечинде үй дарегине жеткиришкен.
Буга чейин Элнура Алканова “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын жанында жайгашкан “экс-ханзаада” Максим Бакиевдин “Идеал Хаус” элиттик коттеджер шаарчасына азыр ким ээлик кылып алгандыгы туурасында журналисттик иликтөө жасаган. Жыйынтыгында Максим Бакиевдин ал шаарчасына азыркы премьер-министр Сапар Исаковдун жакындары ээлик кылып калгандыгын ачыктаган.
Премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы боюнча Башкы прокуратура иликтөөдө жазылган фактылар боюнча текшерүү жүргүзгөн жана бир аз убакыттан кийин кылмыш иши козголгондугун айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ