-Болотбек мырза, сиз көптөн бери Ош – Стамбул аба каттамын кайра калыбына келтирүү маселесин көтөрүп жүрөсүз. Көйгөй чечилчүдөйбү?
-Азыркы күңдө Түркия мамлекети менен биздин Кыргызстандын авиакаттамында паритет болуш керек. Алар бизге эки каттам көп учуп келип, биз эки каттам аз учат экенбиз. Түрктөр макул болсо, биздин өзүбүздөн компанияларды учуруш керек. Бул кирешелүү эле каттам болот. Себеп дегенде, биз аркылуу Өзбекстандын, Тажикстандын жарандары учушчу. Анан калса, бул биздин түштүк борборубуздан Европага учкан жалгыз каттам эле. Демек, бул каттам экономикалык жаткан гана пайдалуу болбостон, эл аралык кызматташуунун өнүгүүсүнө да алып келет. Азыр эми кыштын күнү Стамбулга учуш үчүн жүргүнчүлөр такси менен Бишкекке келишет. Жол тайгак, ар кандай кырсыктар көп болуп атат. Ошондуктан, бул каттамды мамлекеттүүлүктүн белгиси катары да ачыш керек. Мен ойлойм, биздин авиация жагында бир аз коррупциялашкан схемалар бар окшойт. Учууга ниеттенип келген компаниялар бар экен, бирок аларды киргизишпейт. Бир каттам азыраак пайда алып келсе, экинчи каттам көбүрөөк пайда алып келиши мүмкүн. Булар өздөрүнө караштуу компанияларга берип, башкаларды киргизбей коюшат экен. Пайданы көп алып келген компанияга азыраак пайда алып келгенди кошуп, туура бөлүштүрүп иштешсе болот да.
-Мурда түркиялык компания уччу экен. Эми алар учпай, токтотуп коюшкан болсо, өзүбүздүн компанияларды учурса болбойбу?
-Өзүбүздүкүн деле учурса болот. Казактардын компаниялары келип атыптыр. Бул каттамды Стамбулдан ары
башка багыт боюнча да узартса болот. Буга менеджмент керек да. Маселенин үстүндө иштеп, маркетинг жүргүзүү зарыл. Чынын айтканда, биздикилер иштегилери келишпейт. Учуунун тыгыздыгын беришкенде булар өздөрүнө караштууларга берет экен. 2015-2016-жылдары «Atlas Global» компаниясы учуп, 200дөй каттам жасаган. Орто эсеп менен самолеттун ичи 70-80 пайыз толуп турган. Андан кийин кандайдыр бир себептер менен учпай калыптыр. Ошоңдуктан, биз бул маселени эл аралык комитет менен бирдикте карап чыгышыбыз керек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ