Menu

Өзбекстан: окутуучу конституциялык түзүмдү кулатуу аракетине айыпталууда

Бөлүшүү:

Былтыр октябрда Ташкентте кармалган окутуучу жана экономист Хаёт Насреддиновго конституциялык түзүмдү кулатууга аракет жасоо боюнча айып тагылды. Бул тууралуу AsiaTerra баслмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Бул берене боюнча 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. AsiaTerra Насреддинов менен журналист Бобомурод Абдуллаевдин кылмыш иши бириктирилиши мүмкүн экенин баса белгилөөдө.

Ташкенттик көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан быйыл сентябрдын соңунда кармалган. Ага «Бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү бузуу максатында кутум уюштуруу» айыбы тагылган.

Буга чейин тергөөчүлөр Абдуллаев менен Насреддиновду бетме-бет жолуктурушкан. Мындан тышкары экөө тең көз карандысыз адвокаттардын кызматынан баш тарткан.

48 жаштагы Хаёт Хан Насреддинов Өзбекстанда экономикалык билим алган, экономика илимдеринин доктору. Акыркы убактарда Ташкенттеги мектептердин биринде иштеген.

2010-жылдан тарта ал Свобода радиосу үчүн отуздан ашуун макала жазган. 2012-2013-жылдардан баштап чет өлкөлүк басылмаларга комментарий бере баштаган.

Убагында Насреддинов оппозициялык «Өзбекстандын күнөстүү коалициясынын» мүчөсү болгону үчүн кыйноого кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: