Menu

Тажик президентинин күйөө баласы алтын жана сурма кенин иштетери айтылууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда «Фароз» компаниясы Согди облусундагы алтын жана сурма кенин чалыгындоо жана иштетүү үчүн 2022-жылга чейин лицензия алды. Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Геология башкы башкармалыгы жер казнасын иштетүүгө укук алгандардын жаңы тизмесин жарыялады.

«Фароз» компаниясы негизинен Тажикстанга мунай продукцияларын жана суюлтулган газды импорттоо менен алектенет. Мындан тышкары ооган рыногуна күйүүчү-майлоочу майларды жеткирет. Акыркы жылдары «Фароз» ар түрдүү тармактарда – фармацевтика жана айдоочулук мектебинен тарта металлургиялык завод иштетүүдө да өзүн сынап көрүүдө.

«Фароз» мурун гранит, магнетит, актиташ жана гипс кендерин иштетүү боюнча лицензия алган.

Тажик бийлиги «Фароз» компаниясынын ээсинин атын атабайт, бирок өкмөткө жакын булактар ал Тажикстан президентинин күйөө балдарынын бирине таандык экенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: