Бишкектеги №1-СИЗОдо кылмышка шектелип кармалып жаткандарды багууга бир жылда мамлекеттик бюджеттен 200 миллион сом кетет. Ал эми УКМКда кармалып жаткандарга 100 миллион сом сарпталат. Бул маселени депутаттар козгоп чыгып, бюджеттин акчасын үнөмдөө үчүн экономикалык кылмыш кылгандарды күрөөгө акча алып, эркиндикке чыгаруу маселени ишке киргизүү керектигин айтып чыгышты. Депутат Бекешев: “күрөөгө мүлк эмес, акча гана алуу керек. Качып кете турган болсо, анын акчасы мамлекетте калат”- деп эсептейт. Мындай практика өнүккөн өлкөлөрдө эчак ишке киргизишкен. Биз деле мындай практика киргизип, бирок күрөө үчүн төлөп убактылуу эркиндикке чыкчулардын суммасын жогору кылышыбыз керек.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ