Menu

Ферганалык фермерлер мал чарбасын өнүктүрүү үчүн Каракалпакстанга жөнөтүлүүдө

Бөлүшүү:

Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев жергиликтүү 100 мал чарба фермасынын жетекчилерин мажбурлап Каракалпакстанга жөнөтүүдө. Аймакта мал чарба фермаларын уюштуруу тапшырылган фермерлердин алгачкы тобу 5-январда жөнөп кетишти.

Жергиликтүү ферма башчыларынын биринин айтымында, январдын башында облус жетекчиси фермерлерди чогултуп, Каракалпакстанга баруулары керектигин айткан.

“Ал ферганалык ар бир фермер Каракалпакстанда 100 гектардан жер алып, мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектене турганын айтты. Андан тышкары биз Ферганадагы фермаларыбызды да кароого милдеттүү болот экенбиз. Каракалпакстанда Фергана облусунун фермелери үчүн 10 миң, Анжиян облусунун фермелери үчүн 5 миң гектар жер бөлүнүптүр», – деди ал.

Фергана облусунун Алтыарык райондук акимчилигинен бул маалыматты ырасташты. «Облус башчысы Каракалпакстанда мал чарбасын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Бирок мал менен тоюттун кайдан алына тургандыгы жөнүндө эч ким эч нерсе деген жок. Абал менен жеринен барып тааныша тургандыгыбызды билдирип жатышат», – деди акимчилик өкүлү.

Фергана облустук администрациясынын кызматкерлеринин бири жергиликтүү фермерлерге төмөнкү пайыздар менен насыялар берилерин кабарлады.

Ферганалык фермер Очил Бегматовдун айтымында, Каракалпакстан аймагынын көпчүлүк бөлүгү талаалардан турат. «Президент айткандай, ал жакта кызыл мыя жакшы өсөт. Бирок аны жеген мал салмак топтобойт. Мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн кеминде эле ондогон жылдар керек. Ошондуктан бийлик фермерлерди Каракалпакстанга жөнөтүп туура эмес кылып жатат деп эсептейм, – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: