Menu

Статком: Иш ордунда мас болуп уктап калган жетекчи кызматтан алынды

Бөлүшүү:

Улуттук статистика комитети интернетте тараган видео тасма боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, натыйжада Ноокат райондук башкармалыгынын башчысы Расулбек Ташовду жумуштан бошотту. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалымат кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Билдирүүдө кызматкердин иштен алынышына анын “эмгек тартибин одоно бузгандыгы жана жумуш учурунда алкоголдук ичимдик ичип, мас болгону” себеп катары көрсөтүлдү.

Ушул эле окуяга байланыштуу Ташовдун орун басары Шайырбек Арапов да кызматынан бошотулду.

9-январда интернетке Расулбек Ташовдун кабинетинде эки адамдын коңурук тартып уктап жаткан видеосу жарыяланган. Ал тасмада уктап жаткан адамдардын жанында ичимдиктин, ширенин бөтөлкөсү көрсөтүлгөн. Окуя боюнча Расулбек Ташов “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, тасмана президенттик шайлоонун эртеси, 16-октябрда каршылаштары аны каралоо максатында тартышканын билдирген. Ал ошондой эле ичимдик ичпегенин, кимдир бирөөлөр ширеге кошуп уктата турган дары берип коюшканын айткан.

Айрым маалымат каражаттары Ташовдун жанында уктаган райондук милициянын башчысы экенин жазышкан. Бирок Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: