2019-жылы 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна жиберилди. Бул тууралуу Башкыпрокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 26-февралда билдирди.
Бул иш боюнча: Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рыспеку уулу Карыпбек, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Капарбек уулу Нооруз, Какебаев Асангелди айыпталууда.
Кылмыш кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып коюлууда: 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-беренеси (тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-беренеси (Барымтага алуу), 264-беренеси (Массалык баш аламандыктар), 130-беренеси (Киши өлтүрүү), 253-беренеси, (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-беренеси (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренеси (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу).
24-февралда аталган кылмыш ишин иликтөөдө башкы прокуратура айыптоолорду бекиткен. Эртеси, 25-февралда документтин көчүрмөсү Биринчи май райондук сотуна жиберилген.
Беш айыпталуучунун кылмыш иши өзүнчө каралып жатат. Анткени алар тергөө менен кызматташуу каалоосу бар экенин билдиришкен.
Азыркы учурда ишти ИИМдин тергөө кызматы иликтөөдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ