Menu

Өзбекстандын премьер-министри Душанбеге барды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 10-январда жумушчу сапары менен Тажикстанга барды.

Бул Абдулла Ариповдун Өзбекстандын премьер-министри кызматында Тажикстанга жасаган алгачкы сапары. Күндүн экинчи жарымында өзбек өкмөт башчысын президент Эмомали Рахмондун кабыл алары күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, жолугушуудан кийин эки өлкөнүн премьер-министрлеринин төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык жана тажик-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындары болот.

Өзбек премьеринин сапарынын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы макулдашуулардын топтомуна кол коюлат.

Тажикстан ТИМиндеги булактын маалымдашынча, Абдулла Арипов 10-11-январь күндөрү Душанбеде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болчу сапарына даярдык көрүү менен алектенет. Даярдык көрүүнүн алкагында өзбек премьери тажик кесиптеши Кохир Расулзода, Тажикстан ТИМ башчысы, Мамлекеттик чек ара кызматынын, мамлекеттик «Барка Точик» жана «Тажик темир жолдору» компанияларынын жетекчилери менен жолугат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: