Вашингтондун шаардык кеңешинин депутаттары Орусиянын АКШдагы элчилигинин алдындагы аянтка Немцовдун ысымын берүү тууралуу мыйзам долбоорун тездетилген тартипте кабыл алууну бир добуштан колдошту. Бул тууралуу Борис Немцов фондунун төрагасы, «Ачык Орусия» кыймылынын төрага орун басары кенже Владимир Кара-Мурза билдирди.
Декабрдын соңунда Вашингтон шаардык кеңешинин профилдик комитети Орусия элчилигинин алдындагы көчөнүн бир бөлүгүнө 2015-жылы өлтүрүлгөн орусиялык саясатчы Борис Немцовдун ысымын берүү тууралуу мыйзам долбоорун бир добуштан колдогон.
Мурдараак мыйзам долбоорун Вашинтон шаардык кеңешинин депутаттары 9-январда карай тургандыктары кабарланган. Мыйзам күчүнө кириши үчүн аны шаар мэри жактырып, кол коюшу керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ