Адилетсиздиктин айынан жабык жайда жазасыз өтөп жаткан белгилүү саясый ишмер, экс-министр Бекболот Талгарбеков тыңгылыктуу шарттардан куру болуп жатканы белгилүү. Таңгаласың, Талгарбеков мамлекетке коркунучтуу зыян келтирбеген соң, ага эмне мынча кастарын тигип, кас душмандай мамиле кылынууда? Туура, азырынча каарманыбыз түрмөнүн түйшүгүнө деле муюп, «сынып» калган жери жок. А бирок, анын жабык жайдан да жалпыга тиешелүү шарттардан куру жалак калып жатканына жакындары тынчсызданып, Бекебиздин ден соолугуна кабатырланып жаткандыгын эшиттик. Алтымыштан ашкан аттуу-баштуу мындай аксакалдарыбызды караңгы жайга камап, не муратка жетебиз? Колуна кишен салгыча, үйүнө отургузуп кеңешин алсак болбойт беле? Айкөлдүк, кечиримдүүлүк динде да башкы орунда турарын исламдан кабары бар президент Сооронбай Шарипович туяр бекен?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ