Кыргыз Улуттук илимдер академиясына Мурат Жуматаевдин жетекчи болуп келиши көпчүлүктүн келечекке карай үмүтүн жандандырган. А бирок, ал канчалык жаңы реформага умтулбасын, айланасына буга чейин алдым-жуттумдук иштерден төбөсү көрүнгөндөрдү өйдөлөтүп жатканы кандай? Илимдер академиясындагы мындай көрүнүштөрдү куттуу жайдан илимий иштерин коргоп кетишкен аспиранттар менен докторанттар билбейт деп ойлошобу? Кызык, жаңы шайланган президент Жуматаевге бети кызарбагандар менен иштеш кыйынчылыкты жаратпайбы? Академияга жаңы кадрлар келип, илимий жайды реформалоого умтулушса, артынан кеп-сөз ээрчиткендер жаңы жетекчинин айланасынан орун алып алышса, бизде кайдан өзгөрүү болот? Илимде жүргөн эстүү-баштуулар мындайды ойлонуп коюш керек го, кеч боло электе…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ