Худжанд шаарынын жашоочусу Мухсинжон Турсунов мурдагы аялы батиринин балконунда жашоого уруксат бербегени үчүн прокуратурага арызданды.
Ажырашкандан эки жыл өткөндөн кийин сот Мухсинжон Турсунов аялына таандык батирде жашашы керек деп чечкен. Бирок Матлуба Карабаева сот чечимин аткаруудан баш тарткан. Ал үч баласы менен 27 чарчы метрлик бир бөлмөлүү батирде жашайт.
Матлуба Карабаева соттун чечимине макул эместигин, мурдагы жолдошун үйүндө жашатпай турганын айтты. Анын билдиришинче, күйөөсү менен 16 жыл бирге түтүн булаткан, бирок үй-бүлөдө чыр-чатак токтогон эмес.
Тажик мыйзамдарына ылайык, ажырашкандан кийин аялы (күйөөсү) мурдагы күйөөсүнүн (мурдагы аялынын) үйүнүн бир бурчун ээлөөгө укугу бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ