Menu

«Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам  автомобиль жолдорун курууда жана кайра калыбына келтирүүдө подрядчылардын жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле жолдордун сапатын жакшыртуу жана жолдорду өз учурунда  тейлөөнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Аталган максаттарга кепилдик мөөнөтүн узартуу механизми аркылуу жетүү сунушталат. Башкача айтканда автомобиль жолунун участогун куруу, кайра калыбына келтирүү жана оңдоо  боюнча жумуштарды аткарган подрядчы  заказчыга  аткарылган иштеринин сапаты коюлган талаптарга жооп берээрине кепилдик берет. Подрядчынын айынан  кетирилген  дефектилер аныкталса, аны оңдоону кайра подрядчы өзү кепилдик кылат.

Жаңы автомобиль жолдоруна 5 жылдык мөөнөт кепилденген, ал эми кайра калыбына келтирилген жана оңдолгон автомобиль жолдору заказчыга тапшырылгандан тартып 3 жылдык мөөнөткө кепилденет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: