– Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Парламент таркайбы?
– Парламент тарашы мүмкүн. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарына да тиешелүү, мунун өзү мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолорго логикалык себеп болуп эсептелет. Бирок, азыркы бийликтер парламенттин курамын өзгөртүүгө аракет кылышпайт го, бул курам бир кыйла деңгээлде аларга жагат. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын күзүндөгү президенттик шайлоодон кийин бийликти уюштуруунун башкы маселелери боюнча президент менен парламенттин ортосундагы бири-бирин түшүнүшүү жоголгон учурда гана болот.
Шайлоо – бул дайыма тобокелге бел байлоо. Мисалы, парламенттин курамы президентке жакпай, же депутаттардын олигархтык кызыкчьшыктары коомдук кызыкчылыктардан үстөм келип калышы мүмкүн. Башкача айтканда, мөөнөтүнөн мурда шайлоо – туруксуздуктун күчөп кетүү тобокелчилиги.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ