Коронавирус жуктуруп алган жарандардын жеке сыр маалыматтарын таратып жибергенге аялы шектелип жаткан милиционерге сөгүш берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин милиция кызматкери ооруга кабылгандар менен байланышта болгондорду аныктоо үчүн коронавируска кабылган бейтаптардын тизмесин алган. Анын жубайы жашыруун маалыматты туугандарына жөнөтүп, алар социалдык тармактарга таратып жиберишкен. Мындан соң 8 жарандын жеке маалыматтары интернетке чыгып кеткен.
Мыйзамга ылайык, коронавирусту жуктурган же алар менен байланышкан адамдардын жеке маалыматтарын жайылтууга эч кимдин укугу жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ