Казакстандын Акмоло облусунун Аршалы районунда 12-январь күнү саат 13.00. чамасында Россиядан Кыргызстанга кайтып келаткан 45 жаштагы кыргыз жараны А.Ж.ны машина уруп кетип кайтыш болгон. Бул тууралу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылынын тургуну А.Ж. өзүнүн тууганы У.А. менен ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү машинада Россиядан Кыргызстанга келатышып, Казакстанда кар аралашкан бороон-чапкынга кабылышкан. Токтоп калган машинадан чыккан А.Ж. жолдун бир бетинен экинчи бетине өтүп баратканда жергиликтүү Эрлан аттуу казак жигит машинасы менен коюп кеткен.
Эрландын айтымында кар аралашкан борошодо жолдун уруксат берилбеген жеринен өтүп бараткан А.Ж.ны ал көрбөй калган.
Бул жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтенүүдө. Астанадагы кыргыз элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жөнөтүү менен алектенип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ