Menu

УКМК: Жалал-Абаддын тургунун зомбулук менен коркутуп, 2 млн 900 миң сом карызга милдеттендирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы тарабынан 120 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан учурда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Р.Б. пара алып жаткан жеринен кармалган. 

Такталгандай, кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарынын тургунуна 2 млн 900 миң сом карызга милдеттендиргенин билдирген.  

Бул факты боюнча облустун башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. 

 Учурда кармалган жаранга Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Жалал-Абад областтык тергөө камак жайына 2023-жылдын 12-мартына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган. 

 Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы аракеттенүүнү улантууда.

 Ошондой эле, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облусунун тургундарын уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: