Menu

Астанада жол кырсыгынан кыргызстандык жаран набыт болду

Бөлүшүү:

12-январь күнү саат 13.00 чамасында Астана-Караганда жолундагы автоунаа жол четинде бараткан жөө адамды коюп кеткен. Кырсыктан машине сүзүп кеткен адам каза тапкан. Маркум Казакстан аркылуу Орусияга бара жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун 45 жаштагы тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Автоунааны казакстандык Эрлан аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал катуу бороондон улам жолдо бара жаткан жөө кишини байкаганын билдирген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жеткирүү аракетин көрүүдө.

Булак: Тамчы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: