Президенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартып, атүгүл, Он-Адырдагы өзбек тилдүү шайлоочулар менен жолугушуусунда айткан сөздөрү үчүн кылмыш иши козголуп, чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгон Өмүрбек Бабанов Жаңы жылдын алдында кайрылуу жасап, саясаттан кетип жатканын билдирген эле.
Кандай дебейли, жарым миллиондон ашуун элдин арзуусуна арзып, өзүн популярдуу саясатчы катары тааныта алган Өмүрбек Бабановдун биринчи эле кыйынчылыкта күрөштөн чегингени коомчулукта ар кандай сөздөрдү жаратууда. Ал өзү ачык эле, “эл алдында жеңиле турган болсом саясаттан кетерим тууралуу убада бергем, эми анын өтөөсүнө чыгып жатам”,- деп айтканына карабастан, айрым эксперттер муну Бабановдун бизнесин сактап калуу дамаматы катары түшүнүшкөн. Себеби, ага караштуу НТСти тартып алуу аракети – Бабановго бийликтин коңгуроосу болуп жатканы айтпасак да түшүнүктүү болуп турбайбы. Бирок, кыргыз саясатында мындай кырдаалга көптөгөн саясатчылар кабылганын, убакыттын өтүшү менен алар кайрадан саясатка кайтып келгенин эске алып, учур келгенде Бабановдун кайтып келүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айткандар деле бар.
Өткөн жумада “Де-факто” гезити мындай деп жазды: “Жаңы жылдын астында жасаган кайрылуусунда депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кеткенин, мындан ары ишкерчилик менен гана алектенерин жарыялашы ага ишеним арткан тарапташтарынын демин сууткан план болду, “саясатты желкемдин чункуру көрсүн” дегени кагаз жүзүндөгү гана сот экени, а чындыгында саясаттагы таасирин сактап калуу үчүн түрдүү айла амалдарды ойлоп атканы тар чөйрөдө айтыла баштады. Андагы күбүр-шыбырларга караганда, Бабанов ушу тапта канкор Курманбек Бакиевдин ашынган канкор үкасы Жаныш Бакиев менен “түшпөс хандан” “түшкөн ханга” айланып, чет өлкөлөрдү кыдырганына курстан болуп жүргөн Мелисбек Мырзакматовго жолугуп, саясатта бирге болуу планын талкуулаганы чынбы? Алардын колдоосу астында бөлөк саясый күчтөрдү бириктирип, тышта жүрсө да көздөй кишилерин саясаттын казанында кайнатып, Кыргызстандагы саясый, бизнес кызыкчылыктарын колдоого алууну көздөгөнү айтпасак деле түшүнүктүү эмеспи”.
Ушуга окшогон маалыматтарды кечээ Өмүрбек Бабанов өзү четке кагып мындай кайрылуу жолдоптур: “Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары. Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар. Тилекке каршы, кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо “Де-Факто” гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. “Де-Факто” гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм”.
Бирок, чындык үчүн айтып коюубуз парз, Өмүрбек Бабановдон эл сынып саясаттан чыгып калышын эмес, президенттик шайлоодо алган багытын улантып, акыйкаттуулук үчүн күрөшүн улантышын күткөн. Чет мамлекетке кетүү оңой, кайра келүү кыйын. Буга жакынкы тарых күбө. Тескерисинче, кыргызда бийликтин тузагынан коркпой, камалса да чыдап, акыры акталып чыккан саясатчылар болгон. Өмүрбек Бабанов ушул досторунан сабак алса болмок.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ