Menu

Назарбаев: Казакстан үчүн COVID-19дун кесепеттери 2008-жылдагы каатчылыктан оор болушу мүмкүн

Бөлүшүү:

COVID-19 пандемиясынын Казакстандын экономикасына тийгизе турган терс таасири 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы каатчылыгынан күчтүүрөөк болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 7-апрелде премьер-министр Аскар Мамин менен жолуккан маалда билдирди.

«Биз азыртан бул пандемиядан кийин эмне кылабыз деп ойлоно башташыбыз керек. Экономикабыз төмөндөп, 2008-жылдагы каржы каатчылыгынан оорураак болушу мүмкүн. Азыр өкмөт биринчи кезекте калкты азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз кылууга көңүл бурушу зарыл», — деди Назарбаев.

6-апрелде өлкөнүн бир нече шаарында социалдык жардам алуу үчүн чогулган адамдар көп болгону, алардын карантин эрежесине ылайык аралыкты сактабай жатканы айтылган. Мындан тышкары кезек күткөндөрдүн ортосунда мушташ чыкканы да кабарланган. Алматыда жаалданган адамдар «Казпочтанын» имаратына кирип барууга аракет кылышкан.

Казак өкмөтү марттын аягында коронавирустун айынан жумушунан же бизнесинен айрылган жарандарга атайын жөлөк пул төлөп берүүнү убадалаган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 697ге жетти. Алардын ичинен алты киши каза болуп, 51 айыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

75 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: