Menu

Ооган жаштары телефон аркылуу Тажикстандан колукту табышууда

Бөлүшүү:

Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарында жашаган жаштардын коңшу өлкөдөн колукту же досторду табышына тажик-симкарталары жардам берүүдө.

Тажикстан менен чектешкен Имамсахиб ооган уездинде бир канча тажик уюлдук операторлорунун сигналдарын кабыл алууга мүмкүн, ошондуктан алар коңшу өлкөнүн сим-карталарын колдонушат.

Эки жыл мурда Кундун провинциясынын 35 жаштагы тургуну Амонулло Хусайни болочоктогу жубайын телефон аркылуу тажик-симкартасын пайдалануу менен тапкан. Анын жубайы Тажикстандын Фархор районунун тургуну.

Расмий маалыматтарга караганда, 2016-жылы Ооганстандын 30дан ашык жараны тажик кыздарга үйлөнүшкөн. Кыздардын көбү чек арага жакын жашагандар жана он чактысы күйөөлөрү менен телефон аркылуу таанышышкан.

Бадахшан провинциясынын акимчилигинин басма сөз катчысы Некмахмад Назари аймактагы алты уезддин тургундары Тажикстандын уюлдук операторлорунун кызматтары менен пайдаланышарын ырастады. «Тажик-симкарталарын колдонгонубуздун эч кандай жаман жери жок. Анткени ооган калкы Тажикстандын бюджетине акча салып жатышат», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: