2017-жылы эң көп тойдо ырдаган ырчылардын бири Самара Каримова жаңы жылдын экинчи күнү “Ысык-Ата” курортунда эс алып, ден соолугун чыңдап жүргөн. Учурда тоо коюнунда лыжа тээп жүргөнүн көрүүгө болот.
-Чет жактарга көп барып эс алып жүрөм, бирок бир жерден да Кыргызстандай абасы, суусу таза жерди көргөн жокмун. Андыктан быйылкы кышкы эс алууну мекенибизде эле өткөрүүнү чечкем. Алгач “Ысык-Ата” курортуна барып, ысык сууга түшүп эс алдык. Эки-үч күндөн бери Чуңкурчакта “Супара-2” эс алуу жайындабыз. Бул жактан коттедж алып, жакындарым менен сонун эс алуу өткөрүп жатам. Муз тээп, лыжа тээп, айтор , черим жазылып жатат.
Булак: Леди.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ