Түркиянын Анталия шаарында 16-январь күнү полиция тарабынан өз денелерин сатып күн өткөргөн 5 “түнкү көпөлөк” кармалды. Алардын бирөөсү кыргызстандык кыз болуп чыкты. Бул тууралу Haberler.com маалымат агенттиги жарыялады.
Маалыматка ылайык ал 5 кыздын үчөөсү Орусиялык, бири Румыниядан жана бирөөсү Кыргызстандан. Бул топту уюштуруп, алар менен кардарлардын арасында ортомчулук кылган кыз Молдовалык болуп чыкты.
Телефондон “Мурат бейден салам” деген жашыруун сөз кошо айтылган чакыруу түшсө кыздар кардарларды тейлөөгө барып турушкан.
Түркия полициясы молдовалык ортомчу кызга кылмыш ишин козгоп, абакка алды, ал эми калган бешөөсүн өз өлкөлөрүнө депортация кылуу үчүн жергиликтүү миграция башкармалыгына өткөрүп берди.
https://www.dailymotion.com/video/x6d73h4
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ