Menu

18 жылга соттолгон “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Жумагулов 2 жылда эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Кылмыш дүйнөсүндө “Дөө” деген каймана атка ээ, ИИМдин базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган Чыңгыз Жумагулов кечээ, 17-январда эркиндикке чыкты.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу кабарлады. Анын айтымында, Жумагуловду сот мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошоткон.

Чыңгыз Жумагулов киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн деген айып менен 18 жылга соттолгон. Ага карата өкүм 2017-жылдын 6-январында Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылган.

Жумагуловдун адвокаты райондук соттун өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылып, Бишкек шаардык сот анын абактагы мөөнөтүн 13 жылга кыскарткан. Бул иш Жогорку Сотто каралып, Жумагулов жети жылга абакка кесилген болчу.

2016-жылы апрель айында Бишкектин Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр бишкектик тургундун автоунаасына ок чыгарышкан. Октон жараат алган жаран ооруканага жеткирилип, аман калган. Көп өтпөй милиция бул ишке Чыңгыз Жумагуловдун тиешеси бардыгын аныктап, издөө салган. Жумагулов 2016-жылдын 10-июнунда кармалган.

Жумагулов буга чейин да бир нече ирет соттолгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: