Menu

Орусияда чиновниктин эс алуусу тууралуу сюжет даярдаган журналист иштен айдалды

Бөлүшүү:

Красноярсктык журналист Виталий Поляков аймак жетекчилигинин эс алган жери тууралуу сюжети үчүн «Афонтово» телеканалынан кетирилди. Бул тууралуу журналист өзү Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Поляков « Крайдын жогорку жетекчилиги коррупцияга баткан» деген сюжетин интернетке былтыр декабрдын аягында жайгаштырган. Анда журналист Александровка кыштагынан алыс эмес ээн тайгадагы жалгыз короого губернатордун милдетин аткаруучу Александр Усс тик учагы менен келип конгонун, буга чейин анда аймактын мурдагы башчысы Виктор Толоконский эс алып кеткенин айткан.

Ошондой эле журналист сюжетте коңшу жайгашкан Щетинкина кыштагы бош калганын, мектеп жабылып, андагы айыл чарба ишканасы банкротко кептелүү алдында турганын айткан.

Поляковдун «Дождь» телеканалына билдиргенине караганда, жетекчилиги ага аталган сюжет үчүн жумуштан өз каалоосу менен кетүүнү сунуштаган. Бирок журналист бул сунуштан баш тартканда, анын сюжеттерди даярдоосуна уруксат берилбей, жыйынтыгында ал жумушту таштап кетүүгө аргасыз болгон.

«Афонтово» телеканалынын башкы директору Светлана Середа “Сибирь.Реалии” басылмасына берген маегинде Поляков эки тараптын макулдашуусу менен жумуштан кеткенин билдирди. Айтымында, журналист каналдын редакциялык саясатын колдогон эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: