Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекова Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) өз ара жардамдашуу программасынын жетекчиси Джефф Лилли менен жолугушуп, кыргыз парламентин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ага Жогорку Кеңештин энчилүү саатын ыйгарды.
Жолугушуу учурунда парламенттик-демократиялык багытты өнүгүүнү көздөгөн Кыргызстанда мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн жакшыртуу менен алардын аткарылышына карата көзөмөлдү күчөтүү башкы максат экенин белгилеген Гүлкан Молдобекова, бул жаатта эл аралык кызматташтык жана тажрыйба өзгөчө мааниге ээ экендигине токтолду. Ал эми Джефф Лилли сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) кыргыз парламентин өнүктүрүүгө арналган долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ