«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-февраль күнү билдирди.
8-февралда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды.
Такталгандай, 2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жоптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган.
Бирок, аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.
Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинини 3-б. 2-п. (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды.
Сот органдары тарабынан кармалган адамдарга 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы каралган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ