Menu

Анжелика Бекболиева: «Мени айыптаган келин кааласа оңой эле таап алмак…»

Бөлүшүү:

Анжелика, үй-бүлөдө тынчпы?

Үй-бүлөмдө баардыгы тынч, баардыгы жакшы. Ар бир үй-бүлөдө маселе болот, таарыныч болот. Эрди-катын урушат, анан эмне дечү эле?.. (Күлүп.) Эгер үй-бүлөдө маселе жаралса, аны эрди-катын өздөрү эле чечет. Убактымды пайдалуу жакка жумшоодо көрө албагандар аркан тартканга аракет кылышты. Бирок, ошого карабастан өз жумушум менен алек болуп келем.

-Жолдошуң менен ажырашуу маселеси кантти?

-Бул менин жеке турмушум. Негизи бул нерсеге жолдошум да жооп бериши керек. Антпесем, жоопкерчиликти жеке өзүмө алгандан баш тартып калдым. Көп нерсени кеңешип чечкен туура окшойт. Андыктан жеке турмушум жеке турмуш бойдон калат го… Үй-бүлөдө да келишим болуш керек, эрежелер болуш керек экен.

-Соцтармакта бир келин «Анжелика менин күйөөм менен ойноп кетти» деп айыптагансыды…

-Ооба, бул айыптоо биринчиден фейк аккаунт аркылуу кетти. «Фейк» деген башка бирөөнүн аты менен бет ачып алып, каалаган нерселерди жасаса болот экен. Азыр ошол фейкти дареги аркылуу изилдеп жаткан кезибиз. Бир эле мени эмес, инстаграмда болгон популярдуу адамдарга ушундай маанайда чабуул жасалып, коркутуу иштерин кылып атышат. Эгер ошол жарыяланып кеткен нерсе чындыкка туура келе турган болсо, мени оңой эле тапмак. Ахунбаев көчөсүндө салонум бар, «Азия молдо» бутигим бар. «Бактылуу айым» деген көрсөтүүм бар. Мени КТРК аркылуу тапса болот. Инстаграм баракчамда телефон номурум жазылып турат. Ошого чалып, мени менен оңой эле сүйлөшөт эле да. Жанагы күмөндүү нерселери болсо мага айтса болмок. Менде бир жакшы эреже бар: чындык бир деген. Аны качан, кайсы убакта айтпа, эч өзгөрбөйт. Ал эми калп болсо, ар бир айткан сайын өзгөрүлө, кубула берет. Да­гы бир нерсени кошумчалай кетейин, менин ар бир чет мамлекетке чыккан учурда паспортума коюлган мөөрлөр бар. Эгер ошол аялдын айткандары менин паспортумдагы мөөрлөр менен дал келсе, башка кеп. Келсин салыштыралы. Болбогон жерден ушак чыгарганы мени азыркыга чейин күлкүмдү келтирип келет.

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: